Казакстан курулуш материалдарынын импортунан арылууда

Казакстан курулуш материалдарынын импортунан арылууда

Өткөн жылы бул багыттагы ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн ички рыноктогу үлүшү 66%га жетет деп билдирет энерджипром маалымат булагы. Өткөн жылы ички рынокто сатылган курулуш металл конструкцияларынын дээрлик 96 пайызы республикада өндүрүлгөн. Ал эми отко чыдамдуу цементтин, эритмелердин жана ушул сыяктуу аралашмалардын 86%дан ашыгы жергиликтүү заводдордон чыккан. Натыйжада тышкы көз карандылыктан арыла баштадык. 2022-жылы башка өлкөлөрдөн келген курулуш материалдарынын жалпы көлөмү 8%га азайган. Тармактын бир жаңылыгы, былтыр Казакстанда курулуш материалдарын чыгаруунун көлөмү биринчи жолу бир триллион теңгеден ашты. Бул 2021-жылга салыштырмалуу 25,6%га артык.

Которгон: Илгиз Жамалбеков