Түштүк Казакстан облусунун Жетисай районунда жүзүм терүү өнөктүгү башталды. Дыйкандар быйыл түшүм мол болгонуна кубанышууда. Алар 448 гектар аянттан беш миң тоннага жакын түшүм алууну көздөп жатышат. Терилген жемиштерди жөнөтүүгө даяр базарлар да бар. Анткени облустун таттуу өнүмүнө суроо-талап жогору.
Нуртас Турсынбеков, Райондук айыл чарба бөлүмүнүн башкы адиси:
- Азыркы учурда миң тоннадан ашык өнүм жыйналды. Жүзүм түшүмүнөн алынган өнүмдөр Нур-Султан, Алматы, Шымкент шаарларынын базарларында сатылууда.
Жергиликтүү жүзүм аянттарында «Аркадия», «Лидия», «Байконур», «Анюта», «Велес», «Кодрянка», «Академик», «Дубовский» сыяктуу 9 сорт отургузулган. Түшүмдүүлүктү жогорулатуу жана сууну үнөмдөө максатында тамчылатып сугаруу ыкмасы колдонулат.
Раух Непалиев, чарба башчысы:
- Даяр өнүмдү Шымкент шаарындагы базарларга сатабыз. Нур-Султан, Караганда шаарларына да жиберебиз. Ал жакта баасы жакшы. Орусияга чыгарсак деген да ойлорубуз бар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков