Санариптик теңге блокчейин негизинде түзүлүшү мүмкүн

Санариптик теңге блокчейин негизинде түзүлүшү мүмкүн

Санариптик теңге менен эсептешүү интернетсиз дагы мүмкүн болот. Бул анын эң башкы өзгөчөлүгү. Ал эми биз көнүп калган накталай эмес төлөмдөр тармакка кошулганда гана жеткиликтүү болот. Андыктан Улуттук банк пилоттук негизде ушул жылдын соңуна чейин акчанын үчүнчү түрүн ишке киргизүүнү пландап жатат. Ошол эле учурда аны ишке киргизүүнүн бир кыйла ылайыктуу жолдорун изилдөө улантылат.  Алдын ала маалымат боюнча, улуттук санариптик валюта блокчейн технологиясы боюнча жасалат, бул аны шылуундардан ишенимдүү коргоого жана хакердик чабуулдарга бир кыйла туруктуу кылууга мүмкүндүк берет.

Блокчейн жана дата-борборлор бирикмесинин мамлекеттик органдары менен байланышуу боюнча улук координатору Сергей Путранын айтымында, системаны туура курууда аны бузуунун наркы шылуундар таба турган ыктымал пайдадан ашып кетет. Бул факторлор биргеликте ушундай негизде түзүлгөн платформанын туруктуулугун аныктайт.  Блокчейндеги бүткүл маалымат бир эле учурда ар кандай түйүндөрдө сакталат. Алар өз ара дайыма текшерилет. Эгерде алардын биринде эле өзгөрүү болсо, анда маалыматтар анык эмес деп таанылат. Санариптик теңге электрондук капчыктар жана тиркемелер аркылуу жеткиликтүү болору күтүлүүдө.