Казакстанда түркиянын учкучсуз учуучу аппараттары сыноолордон ийгиликтүү
өттү. Ата мекендик аскер учкучтарына дрондорду тажрыйбадан өткөрүп текшерүү
алардын сапаты менен туруктуулугун сынап көрүүгө мүмкүндүк берди. Түркиялык
өндүрүүчү компаниянын адистери бардык бөлүктөрдү майда-чүйдөсүнө чейин
түшүндүрүп беришүүдө. Келишимге ылайык, алар 2 жыл бою Anka сериясындагы өзү
уча турган учактарды колдонууда жана аларга кызмат көрсөтүү боюнча казакстандык
аскерлерге колдоо көрсөтүшөт. Комиссиянын корутундусунан кийин «Anka-S» авиациялык бөлүктөрү жеке курамга расмий
түрдө берилди. Аскерлер буга чейин жаңы аппараттардын өзгөчөлүктөрүнө баа
берүүгө жетишкен.
Шохан Мусабеков, Аскердик даярдык жана аскердик колдонуу борборунун
башчысы:
- Бул авиациялык техника өздүк курамдын наамына бекитилди. Жеке курамдын кесипкөйлүгү,
билими элдин алдына коюлган милдетти толук аткарыларына ишенем.
Мадияр Мадикеев, 14157 Аскер бөлүмү авиациялык эскадрильясынын борт
командири:
- Биз эми «Винлонг» учкучсуз учагы боюнча тажрыйбабыз бар. Түркиядан келген
инструкторлор да абдан билимдүү болгондугуна байланыштуу окуу-машыгуу бизге
оңой болуп жатат. Келечекте Ankaнын аппаратын өздөштүрүп, өз кесибимдин адиси
болом деп ишенем.
Учуучу аппараттын узундугу канаттарын кошкондо 18 метрди түзөт. Ылдамдыгы жүктүн салмагына жараша саатына 270 чакырымга жете алат. Болгондо да 10 000 метр бийиктикке көтөрүлүп, абада 27 саат тынымсыз учат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков