Костанай облусунда туристтик комплекс курулат

Костанай облусунда туристтик комплекс курулат

Казакстанда жаңы көп функциялуу туристтик комплекс пайда болот. Ал өлкөнүн борбору менен батышын байланыштырган магистралдын боюнда курулат. Комплекс Костанай облусунун Амангелди айылынын жанында салынмакчы. Бүгүнкү күндө ал жерде курулуш иштери жүрүп жатат. Жети гектар аянтка жалпысынан 12 объект тургузуу каралган. Алардын арасында дүйнөнүн жети кереметинин жана эң белгилүү объектилердин көчүрмөлөрү бар.

Сапар Ыскаков, «Бабалар изи менен» илимий экспедициясынын жетекчиси:

- Эң көрүнүктүүсү - Таж-Махал. Ал Индияда бар. Биз аны үч эсе кыскартып алдык. Индияда анын бийиктиги 75 метр болсо, бул жерде 25 метр. Мындан тышкары, Испания, Бразилия, Европа жана Азия мамлекеттеринде табылган чоң имараттардын көчүрмөлөрү, сактардын саунасы бар. Биз ал жерде чет элдик туристтерди тартуу үчүн иштеп жатабыз. Анткени, сактардын саунасы дүйнө жүзүндө сейрек кездешет. Анын жанына биз боз үй тигип жатабыз.

Комплекстин аймагында кызгалдак үлгүсүндөгү музей, Египет пирамидасы, Мая тайпаларанынын үлгүсүндөгү мемориал, суу оргумалары жана көлмөлөр курулат. Ошондой эле жапон, англис жана казак бактарын өстүрүү мерчемделген. Буга катар, туристтик комплексте тургузулган эстелик дубалдарга өлкө үчүн кызмат кылган тарыхый белгилүү инсандар менен башка жерлерде да бийлик жүргүзүп, ошол жерде көмүлгөн бабалардын күмбөзүнөн бир ууч топурак алып келип, атайын сакталат. Алар тууралуу маалыматтар жазылат. Комплекс аймактын туризм тармагын өнүктүрүүгө жана райондун социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга салым кошот.

Султанбек Ташкенбай, ишкер:

- Менимче, бул жаш муундун патриоттук сезимин пайда кылган объект болот деп ойлойм. Анткени дүйнөнүн булуң-бурчунан 200 адамдын топурагын бул жерге алып келип, анын өмүр баянын жазуу идеясы биздин мектептин тарыхында жана башкаларда да болгон эмес. Жаштар аны окугандан кийин биздин ата-бабаларыбыз ушундай болгон экен деп, чоң тарбиялык мааниси болор эле.

Комплекстин ичинде туристтер үчүн мейманкана жана тамактануу жайлары да болот. Туристтик объект ар бир ташы тарыхка бай Торгай аймагына саякатчыларды көбүрөөк тартууга жана байыркы цивилизациянын изи деп саналган иероглифтердин сырларын ачып, жайылтууга өбөлгө түзөт. Курулуш иштери 2023-жылдын төртүнчү чейрегинде аяктап, өлкөгө тапшырылат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков