Документти Маданият жана спорт министрлиги иштеп чыгууда. Аталган министрликтин башчысы Асхат Оралов жыйында билдиргендей, быйылкы жылы айыл жеринде спортту өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Маселен, элет жерлеринде спорттук имараттар салынат. Анда дене тарбиясы үчүн жеткиликтүү инфраструктура түзүлөт. Бул спорт аянтчалары, чуркоо жана велоспорт жолдору, жөө басуу жана ат минүү багыттары. Бул үчүн мекеме өлкөдөгү адистештирилген объектилерди масштабдуу инвентаризациялоону жүргүзөт. Ошондой эле быйыл жарым миллиондон ашык балдар жана өспүрүмдөр Artsport программасы менен камтылат. Алар ийримдерге жана секцияларга акысыз катышууга мүмкүнчүлүк алышат. Министр белгилегендей, буга чейин жергиликтүү аткаруу органдары тарабынан бул максаттарга 86,7 миллиард теңге бөлүнгөн. Негизинен Асхат Оралов азыркы ченемдик-укуктук база тармактын реалдуу муктаждыктарын эске албагандыктан, ага өзгөртүүлөр киргизилерин белгилеп өттү.
Асхат Оралов, Казакстандын маданият жана спорт министри:
- Министрлик мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча иштерди баштады. Мыйзам долбоорунун алкагында спорттун кесипкөй түрлөрүн каржылоо маселелерин жөнгө салуу, спорт мектептеринин машыктыруучу-окутуучуларынын стандарттык окуу жүгүн жумасына 24 сааттан 18 саатка чейин кыскартуу жана башкалар каралган. Мамлекет башчысы белгилегендей, «Биздин бардык күч-аракетибиз казакстандыктардын коопсуз жана сапаттуу жашоо шарттарын камсыз кылууга багытталышы керек». Бул өңүттө спортчуларды, машыктыруучуларды социалдык жактан колдоо, мүмкүнчүлүгү чектелген спортчуларга шарт түзүү жана башка маселелерине көңүл бурабыз. Мыйзам долбоору жыл аягына чейин Казакстан Республикасынын парламентине киргизилиши керек!
Которгон: Илгиз Жамалбеков