Казакстандын Күмүш университеттеринде 3 миң адам билим алууда

Казакстандын Күмүш университеттеринде 3 миң адам билим алууда

Казакстанда былтыр башталган «Күмүш университет» долбоору быйыл да уланууда. Учурда өлкө боюнча ден соолугу чың пенсия курагындагы 3000ге жакын адам бир нече багыттар боюнча билимин толуктап жатышат. Белгилей кетсек, курстар бекер. Кабарчыбыз улуу муундун окууга болгон каалоосун, дилгирлигин көрүп кайтты.

Көптөн бери сагындым, кээ бирлерин эки-жети жылдан бери көрө элекмин.

Бахытжан Молдагайыпов 78 жашында кайрадан студент болду. Бүткүл өмүрүн медицинага арнаган хирург эми казак тарыхын, маданиятын терең таанып-билүүгө бел байлады. Карыя орус тилинде билим алып, өз элинин тарыхын терең үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк болбогонуна кейийт. Ошол боштукту толтуруп, неберелерине улуттук баалуулуктарды жеткирүү максатында «Күмүш университетинин» атайын курстарына жазылган.

Бахытжан Молдагайыпов, пенсионер, Күмүш университетинин студенти:

- Биз казак адабиятын, жада калса тарыхты да окубаган балдарбыз. Тарыхты үйрөнүү биринчи кезекте казак тилин өнүктүрүү керек. Буларды мурда өзүм окусам, академиялык жактан алганда, мугалимдерден, доценттерден укканым башкача деп ойлойм. Сабак абдан жакшы өтүп жатат. Талкуулап, биз бири-бирибизди толуктап турабыз, анткени бизде да маалыматтар бар.

Карыя окуусун токтотпой турганын айтат. Азыр күч-кубат барында башка да бир катар багыттарды өздөштүрүү ниетинде. Мындай адамдар үчүн «Күмүш университет» программасында табитине жараша тандоо жетиштүү. Борбордо эле ондон ашык окуу курстары уюштурулган

Райхан Баймагамбетова, Л.Н Гумилев атындагы ЕУУнун Күмүш университетинин окутуучусу:

- 2022-жылы 300гө жакын адам окуду. Аларга 42 мугалим сабак беришти. Жалпысынан 15 курс уюштурулган. Үстүбүздөгү 2023-жылы 15 курс бар. Суроо-талапка ылайык, жаңыртылып турат. 100дөн ашык адам билим алып жатат. Буйрутма берген 2 миң адамдын баарын акырындык менен камтыйбыз.

Заман агымынан калбоо үчүн улуу муундарга санариптик, каржылык жана укуктук сабаттуулукту өнүктүрүүгө, тарыхты, маданиятты жана искусствону же чет тилдерин үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Бану Нарбекова, Илим жана жогорку билим министрлиги, жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки билим комитети төрагасынын милдетин аткаруучу:

- Эмгек министрлиги менен Илим жана билим берүү министрлиги биргелешип бул квалификациялар боюнча мыйзам кабыл алып жатат. Маселен, бул мыйзамдын алкагында бейрасмий же формалдуу эмес ушундай күбөлүктөрдү алган жарандардын такшалмасы жана көндүмдөрү бекемделет. Бул алардын ишин мындан ары да улантууга мүмкүндүк берет. Көпчүлүгү өзүнүн маданий сабаттуулугун же физикалык абалын жакшыртууга бир жагынан руханий жактан өнүктүрүүгө мүмкүндүк берген мындай курстардан өтүшөт.

Жалпысынан бүгүнкү күндө өлкөнүн 72 жогорку окуу жайларында «Күмүш университеттери» түзүлгөн. Аларда 230дан ашык программа ишке ашырылууда. Азыркы учурда 50 жаштан жогорку 3000дей адам окуудан өтүп жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков