«Алтын сапа» жана «Парыз» сыйлыктарынын ээлери аныкталды

«Алтын сапа» жана «Парыз» сыйлыктарынын ээлери аныкталды

«Алтын сапа» президенттик сыйлыгынын ээлери аныкталды. Борбор калаада 15-мааракелик сыйлыктарды тапшыруу аземи өттү. Ага Касым-Жомарт Токаев катышты. Мамлекет башчысы өз сөзүндө бүгүнкү күнгө чейин 150дөн ашык компания Президенттин сыйлыгын жеңип алганын белгиледи. Касым-Жомарт Токаев 10 жылдын ичинде экономикадагы кайра иштетүү өнөр жайынын үлүшү тоо-кен тармагынын деңгээлинен ашып, 13 пайызга жеткенин билдирди. Ошентип, бул жылы ишканалар «Алтын сапа» сынагынын «Мыкты өнөр жай долбоору» жана «Мыкты инновациялык долбоор» номинациялары боюнча статуэткаларды жеңип алышты.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Быйылкы салтанаттуу жыйын эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына туш келди. Мунун чоң символикалык мааниси бар. Эгемендүүлүк мезгилинде Казакстанда бизнести өнүктүрүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Мунун натыйжасында заманбап ишкерлер тобу калыптанды. Алар улуттук экономиканын негизги кыймылдаткыч күчүнө айланууда.

Буга кошумча, сыйлоо аземинде «Парыз» баш байгесинин жеңүүчүлөрү да аныкталды. Сыйлыктарды премьер-министр Аскар Мамин тапшырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков