Казакстандык илимпоздор адам сөөгүнүн 3D моделин жасоо долбоорун колго алды

Казакстандык илимпоздор адам сөөгүнүн 3D моделин жасоо долбоорун колго алды

Адам денесинен тышкары сөөк өстүрүп чыгууга болобу? Казакстандык илимпоздор бул суроого жооп бергидей долбоор баштады. Профессор Дана Акылбекова жетекчилик кылган Назарбаев университетинин бир топ илимпоздору адам сөөгүн өстүрүп, анын 3D моделин басып чыгарууга мүмкүндүк берген технология жасап чыкты. Бардык иш-аракет швециялык принтердин жардамы менен жүзөгө ашырылат.

Аманжол Турлыбек уулу, Назарбаев университетинин илимий кызматкери, PHD:

- Менин максатым ушул материалды иштеп чыгуу, өңдүрүп чыгаруу, синтездөө. Биз желатин негизинде биопсияны синтездейбиз. Ага чейин тирүү адамдын клеткаларын кошуп, 3D модель басып чыгарабыз. Биздин лабораторияда Казакстандагы жападан жалгыз биопринтер бар. Ошол биопринтер менен сөөк скафолтторун басып чыгарабыз. Андан кийин... атайын шарттарда ошол клеткалар дифференцияланып, сөөк өзөктөрүнүн клеткаларына айланат. Биз аны культивациялап, 6-7 жумада сөөк өзөгүнүн моделин алабыз.

Учурда өлкөдө альтернативасы жок сөөк инженериясы жалпы биология менен медицинага жаңы инновация алып келиши мүмкүн, - дейт долбоор авторлору. Анын колдонуу чөйрөсү дагы кеңири болмок. Эң башкысы адам денесинен татаал сөөк түзүмүн терең изилдөөгө жана түпкүлүктүү изилдөөлөрдү тез бүтүрүүгө жол ачылат.

Аманжол Турлыбек уулу, Назарбаев университетинин илимий кызматкери, PHD:

- Бул модель бизге негизинен зор маалымат берет. Мисалы, сөөк сыныктары кандай бүтөт, кандай процесстер жүргүзүлөт? Эгерде келечекте сөөк өзөгү үчүн каражаттар жасала турган болсо, аларды алдын ала ушундай 3Д моделдеринде сынап көрүү өтө арзан болуп калат. Албетте алынган натыйжа дагы жогорку ишенимдүүлүккө ээ болот.

Келечекте бул өзгөчө материал адамдарга керектүү сөөк өзөгүн дарылоо жана имплант түзүү үчүн колдонулат. Бул зор долбоордун алгачкы кадамы. Алдыдагы максат - ойлоп табууга ата мекендик жана эл аралык патент алуу.