Казакстанда E-Salyq Business мобилдик тиркемеси иштелип чыкты

Казакстанда E-Salyq Business мобилдик тиркемеси иштелип чыкты

Казакстанда жаңы E-Salyq Business мобилдик тиркемеси тааныштырылды. Иштеп чыгуучулардын айтымында, бул жаңычылдык ишкердин жеке бизнесин жүргүзүүсүнө чоң өбөлгө түзөт. Анда бүгүнкү күндөгү Мамлекеттик киреше башкармалыгынан алууга болгон бардык кызматтар бар. Ошентип, ишкерлер мамлекеттик органдарга барбай эле салык декларациясын тапшыра алышат. Тиркеменин аркасында бул автоматтык түрдө аткарылат. Ошондой эле, ишкерлер салык органдарынан керектүү маалымкаттарды жана билдирүүлөрдү алып, алар менен түз маалымат алмашып турушат. Мындан тышкары, мобилдик платформа экинчи деңгээлдеги банктар менен бириктирилген. Мындан ары колдонуучулар салыкты үйдөн чыкпай эле төлөй алышат. Белгилей кетсек, долбоор Президенттин жеке ишкерлер үчүн салык милдеттенмелерин аткаруу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча тапшырмасынын алкагында ишке ашырылган.

Жайдар Иңкербаев, РКнын Каржы министрлиги мамлекеттик кирешелер комитети төрагасынын орун басары:

- Максаты – жеке ишкерди каттоодон баштап, атайын салык режимдерин тандоого, бухгалтердик эсеп жүргүзүү, кирешелерди башкарууга чейинки бардык иштерди жөнөкөйлөтүү. Мындан тышкары, бул тиркеме кассалык аппараттын функциясы менен толукталды. Башкача айтканда, сиз бул тиркеме аркылуу накталай акча каражаттарын ала аласыз. Ишкердик кызматты токтотуу же анын ишин убактылуу токтотуу мүмкүндүгү ишке ашырылды. Ошентип, бизнеске байланышкан кызматтардын бардык түрлөрү аталган колдонмо аркылуу жүзөгө ашырылат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков