Түндүк Казакстан облусунда жаңы Конституция боюнча
республикалык референдумга активдүү даярдык жүрүп жатат. Аймакта добуш берүү
үчүн участкалар түзүлүп, 596 референдум комиссиясы иштейт. Алардын курамында 3
миңден ашуун адам бар. Алар атайын окуудан өтүп, добуш берүү процессинин мыйзам
талаптарына ылайык өтүшүн камсыздоого даяр. Бүгүнкү күндө бардык участкалар
керектүү жабдуулар менен толук камсыздалган. Учурда шайлоочулардын тизмеси
такталууда жана жалган куран айынын 15де Түндүк Казакстан облусунун 360 миңден
ашуун тургуну референдумда өз тандоосун жасай алышат.
Сагындык Рахимжан, референдумдун участкалык
комиссиясынын мүчөсү:
- Түндүк Казакстан облусунда республикалык референдумду өткөрүүгө 596 референдум комиссиясы, анын ичинен 15 аймактык жана 581 участкалык комиссия катышат. Алардын эң көбү -Петропавл шаарында 98, ал эми эң азы - Аккайын районунда 25 референдум участкасы катталган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

