Казакстанда курулуш ыргагы жогорулады

Казакстанда курулуш ыргагы жогорулады

Казакстанда курулуштун ыргагы жогорулады. Улуттук статистика бюросунун маалыматы боюнча, биринчи жарым жылдыкта курулуш иштеринин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү болжол менен эки жарым триллион теңгени түзүп, 10%дан ашык өскөн. Белгилей кетсек, бул жаатта аймактар ​​алдыңкы орунда. Жетису облусунда көлөм 87,5 пайызга, ал эми Абай аймагында 66 пайызга өскөн. Колдонууга берилген чарчы метрлер боюнча Астана менен Алматы салттуу түрдө биринчи орунда турат. Талдоочулардын пикиринде курулуштун масштабдары жасалгалоочу материалдарды жана инженердик жабдууларды чыгарууну өнүктүрүүгө түрткү берет.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков