Өлкөдө коронавирус менен ооруган бейтаптарга бөлүнгөн керебеттерге мониторинг онлайн режиминде жүргүзүлөт. Орун менен камтылууга көз салуу үчүн иштелип чыккан интерактивдүү карта аймактардагы медициналык уюмдардын деңгээлинде кырдаалды баалоого жана ыкчам чараларды көрүүгө мүмкүндүк берет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри өкмөттүн жыйынында билдирди. Ажар Гинияттын айтымында, карта акимчиликтерге жана саламаттыкты сактоо бөлүмдөрүнө жеткиликтүү, күнүмдүк чечимдерди кабыл алууга ыңгайлуу. Эпидемиянын эң көп таралышы учурда өлкөнүн 6 облусунда байкалууда. Булар Актөбө, Батыш-Казакстан, Караганды, Павлодар, Акмола жана Костанай облустары. Ал эми Акыркы жумада Алматыда абал жакшырганын айта кетүү керек. Жалпысынан инфекциялык керебеттер 30, жандандыруу бөлүмдөрү 7 пайызга толгон.
Ажар Гиният, Казакстандын саламаттыкты САКТОО министри:
- Илдетке чалдыккандардын 80%ы эмделбеген же 6 ай мурун вакцина алган адамдар экенин эске алсак, бул коронавируска каршы өз убагында ревакцинациялоо зарылдыгын көрсөтөт. Бүгүнкү күндө 5 миллиондон ашык адам эмдөөдөн өттү. Мындан тышкары, бул иш 3 аймакта туура деңгээлде жүргүзүлбөй жатат, башкача айтканда, көрсөткүч 55%дан төмөн. Алар Атырау, Караганды жана Батыш Казакстан облустары.
Которгон: Илгиз Жамалбеков