Казакстандык учкучсуз башкарылган учуучу аппараттар сыноодон өткөрүлдү

Казакстандык учкучсуз башкарылган учуучу аппараттар сыноодон өткөрүлдү

Казакстандык адистер тарабынан иштелип чыккан дрондун сыноосу ийгиликтүү өттү. Учкучсуз учуучу аппарат 7 килограммга чейинки жүктөрдү көтөрө алат. Сыноо учурунда ал 700 метр бийиктикке көтөрүлгөн. "Илбис" деп аталган учкучсуз учак адам буту жетүүгө кыйын болгон тоолуу жана токойлуу аймактарда иштөөгө ылайыкталган.

Ардак Бектасов, компаниянын башкы мүдүрү:

- Мисалы, деңиз мунарасынан жээкке чейинки аралык 15-20 километр. Кардар флеш-картаны жеткирүү үчүн кеме же тик учак жалдашы керек. Албетте, бул абдан кымбат жана көп учурда коопсуз эмес. Ал эми биздин учкучсуз учуучу аппаратыбыз эч кандай кыйынчылыксыз бул ишти аткара алат. Квадрокоптер 15-20 километр аралыкта так уча албайт.

Аппараттын курулушу үч этаптан турат. Биринчиден, санариптик сүрөтү жасалат. Программисттер анын аэродинамикалык мүмкүнчүлүктөрүн жана учуу массасын эсептешет. Дрондун бүт түзүмү компьютерде иштелип, бекемделет. Прототиби даяр болгондон кийин инженерлер үч өлчөмдүү принтердин жардамы менен аппараттын ар бир бөлүгүн иштеп чыгышат. Андан кийин электрондук компоненттер орнотулат. Атайын каптаманын аркасында дрон минус 30дан плюс 45 даражага чейинки температурада уча алат.

Виталий Гроо, башкы инженер, кураштыруучу:

- Технологиялык жараяндын жүрүшүндө керектүү күчтү, жеңилдикти жана башка өлчөмдөрдү аныктап алабыз. Андан кийин бул кездемени матрицага жайгаштырып, атайын чайырга малып, вакуумдайбыз. Аны сырдап, бүтүргөндөн кийин тик учактын бир бөлүгү даяр болот.

Компаниянын өнүмдөрү негизинен жеке өнөктөштөргө багытталган. Самолётторду ремонттоо жана техникалык жактан тейлөө багыты да жигердүү өнүгүп жатат. Ошентип, ички рынокту сапаттуу өнүм менен толуктоо көздөлүүдө.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков