Казакстан дипломатиясына 30 жыл

Казакстан дипломатиясына 30 жыл

Баланс жана көп вектор. Казакстан дипломатиясы өзүнүн 30 жылдыгын белгилеп жатат. Бул жылдар аралыгында биздин мамлекеттин тышкы саясат курсу өнүгүү үчүн туруктуулукту камсыз кылды. Өзүнүн ийгиликтүүлүгүн далилдеди. Казакстан өзүн эл аралык мамилелердин глобалдык системасынын жооптуу катышуучусу катары көрсөттү. Натыйжада 186 мамлекет менен дипломатиялык байланыштар түзүлдү. Республика 50дөн ашык эл аралык уюмдардын толук укуктуу мүчөсү болду. Отуз жылдан бери улуттук кызыкчылыкты коргоп келген кызмат жана анын жетишкендиктери бүгүн борбордогу эл аралык тегерек үстөлдө айтылды. Иш-чара республикада катталган чет өлкөлүк өкүлчүлүктөрдүн жана миссиялардын башчыларынын, ошондой эле бир катар ведомстволордун өкүлдөрүнүн жана эл аралык серепчилердин катышуусу менен өттү. Иш-чаранын ардактуу коноктору дипломатиянын башатында турган ишмерлер болушту.

Тулеутай Сулейменов, Казакстандын биринчи тышкы иштер министри:

30 жыл тарыхый жактан алганда кыска мезгил, бирок жалпысынан 30 жылда Казакстан үчүн көп иштер жасалды. Биздин тышкы иштер ведомствобуз элчиликтердин жана өкүлчүлүктөрдүн кеңири тармагы бар кубаттуу агенттикке айланды, башкача айтканда, биздин дипломаттар азыр 60тан ашык өлкөдө иштеп жатышат. Биз БУУнун толук кандуу мүчөсүбүз, Казакстан көптөгөн эл аралык иш-чаралардын борбору болуп калды.

Тематикалык көргөзмөгө коюлган экспонаттар Казакстандын тышкы саясий ишмердигиндеги маанилүү окуялардын күбөсү. Булар архивдик документтер жана фотосүрөттөр, ошондой эле ар кайсы жылдарда өлкөбүздүн жетекчилигине тапшырылган баалуу дипломатиялык белектер. Алардын арасында жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн мамлекеттеринин делегацияларынын күмүш, алтын, жыгач жана фарфордон жасалган китептер, сувенирлер, идиш-аяктар жана башка декоративдик буюмдары.

Динара Жайсенбаева, Казакстандын биринчи президентинин китепканасынын улук серепчиси:

Дипломатиялык белектердин баалуулугу бүтүндөй илим, президенттер бири-бирине кандайдыр бир буюмдарды берип, ошону менен бири-бирин сыйлашат. Ошол элге, же башка мамлекетке урмат. Биздин көргөзмө Казакстандын Президентинин архиви менен биргеликте уюштурулган. Эки-үч айдан ашык убакыттан бери көргөзмө бизде өткөрүлөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков