Казакстандык заводдо уникалдуу трансформатор жасалып чыкты

Казакстандык заводдо уникалдуу трансформатор жасалып чыкты

Казакстанда Борбордук Азиядагы эң ири жана теңдеши жок автотрансформатор жасалып чыкты. Анын өзгөчөлүгү - 3 фазалуу кубаттуулугунда. Бул агрегат 500 киловольт чыңалууну камсыз кылат. Жаңы трансформатор облустун кичи шаарын же районун электр энергиясы менен камсыздай алат. Учурда энергетика тармагынын мааниси жогорулаганын белгилей кетүү керек. Президент Касым-Жомарт Токаев өз кайрылуусунда Казакстанды электр энергиясы менен камсыздоо үчүн жаңы инновациялык долбоорлор абдан зарыл экенин белгилеген. Ал эми жаңы трансформаторлор ички рынокту камтыгандан кийин чет өлкөлөргө экспорттолот деп күтүлүүдө.

Дауирбек Атеев, Заводдун техникалык мүдүрү:
- Адатта мындай жогорку кубаттуу автотрансформатор бөлөк бир фазалуу болуп жасалат. Андан кийин үч фазалуу болуп чогултулат. Ошондуктан биздин долбоор буга чейин болуп көрбөгөндөй уникалдуу.


Которгон: Илгиз Жамалбеков