Президент атактуу футболчу Пеленин көз жумганына байланыштуу көңүл айтты

Президент атактуу футболчу Пеленин көз жумганына байланыштуу көңүл айтты

Мамлекет башчысы футбол тарыхындагы легендарлуу спортчулардын бири катары футболду дүйнөгө таанытууга чоң салым кошконун белгилеп өттү. Президенттин айтымында, Пеле спорттун бул түрүн эң жогорку деңгээлге көтөргөн инсан. Ал күйөрмандардын элесинде сүйүктүү футболчусу катары кала берет. Белгилей кетсек, бразилиялык атактуу футболчу Пеле 82 жашында каза тапты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков