Автотранспортторду жана айыл чарба техникаларынан алына турган утилдик төлөмдүн өлчөмү кыйла төмөндөтүлөт. Бул тууралуу премьер-министр Алихан Смаилов өкмөттүн кеңейтилген жыйынында билдирди. Белгилей кетсек, буга чейин утилдик алымдын жаңы нормасы айдын аягына чейин бекитилүүгө тийиш эле.
Алихан Смаилов, Казакстандын Премьер-Министри:
- Булгануучу заттарды азайтууга, калдыктарды жана суу ресурстарын башкаруу системасын жакшыртууга, көлдөрдү калыбына келтирүүгө багытталган чараларды ишке ашыруу иштери улантылат. Автотранспортторду жана айыл чарба техникаларына алына турган керекке жаратуу төлөмдөрүнүн суммасын бир кыйла төмөндөтүү боюнча иштер каралып жатат.
Жеңилдетилген авто насыяга 100 миллиард теңге бөлүнөт
Буга кошумча, өкмөт башчы Алихан Смаилов жеңилдетилген автонасыя программасына 100 миллиард теңге бөлүнөрүн билдирди. Бул жарандардын эконом-класстагы ата мекендик автоунааларды сатып алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков