Касым-Жомарт Токаев: Казакстан элинин жыргалчылыгы жогорулайт

Касым-Жомарт Токаев: Казакстан элинин жыргалчылыгы жогорулайт

Өкмөт мүчөлөрүнүн, депутаттардын жана акимдердин айлыгын көтөрүүгө 5 жылдык мораторий жарыяланат. Бул тууралуу Мажилистин пленардык жыйынында президент Касым-Жомарт Токаев билдирди. Мамлекет башчысы анын ордуна административдик, мамлекеттик жана бюджеттик кызматкерлердин, атайын түзүмдөрдүн адистеринин айлыгын көтөрүү керектигин белгиледи. Президент жакырчылыктын деңгээлин, башкача айтканда, коомдун жыргалчылыгын жакшыртуу үчүн калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга артыкчылык берилет. Жаштардын демилгелери үчүн гранттардын баасы 400 АЕК чейин көбөйтүлөт.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Жумушка муктаж жарандардын конкреттүү санын аныктоо зарыл. Өкмөткө Атамекен палатасы менен биргеликте эки айдын ичинде калктын кирешесин жогорулатуу боюнча программа иштеп чыгууну тапшырам. Өкмөт Социалдык кодекстин өз убагында кабыл алынышын камсыз кылышы кажет. Мамлекеттин социалдык саясаты аталган документтин алкагында пандемия тобокелдиктерин жана топтолуп калган көйгөйлөрдү эске алуу менен ыңгайлаштырылууга тийиш. Социалдык кодекс жаңы коомдук келишимдин негизги элементине айланышы зарыл.

Мамлекет башчы өлкө казынасынын жарымынан көбүн социалдык чыгымдар түзөрүн, бирок бул каражаттар коомдун актуалдуу маселелерин чечүүгө жетишсиз экенин белгиледи. Анын ордун толтуруу максатында «Казакстан эли» коомдук социалдык фонду түзүлөт. Ал саламаттыкты сактоо, билим берүү жана социалдык колдоо жаатындагы актуалдуу маселелерди чечүүгө багытталат.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Бул фондго лотерея кызматынын оператору, тарифтерди эсепке алуу борбору жана башка монополисттердин милдеттүү төгүмдөрү кирет. Албетте, биз ири ишканалардан масштабдуу жана туруктуу, үзгүлтүксүз которууларды күтөбүз. Өкмөт компаниялардын тобун аныктап, фондго жылдык чегерүүлөрдүн өлчөмүн бекитиши керек. Мындан тышкары, көп суммадагы каражатка ээ болуп, көмүскөдө жүргөн адамдардын да жигердүү катышуусун күтөм.

Ошол эле учурда Касым-Жомарт Токаев ИДӨдүн 60%га жакынын түзгөн Самрук-Казына фондунун ишин кескин сынга алды. Эгерде фондуу реформалоого мүмкүн болбосо, мындай структуранын болбогону жакшы экенин айтты. Мамлекет башчы көпчүлүктүн нааразычылыгын туудурган LRT курулушуна да токтолду. Убакытты жана акчаны текке кетирбөө үчүн аны бузбастан кайрадан курулушту баштоо боюнча ата мекендик жана чет элдик архитекторлор чакырылат.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Жөнөкөй инфраструктуралык долбоордон өлкөнүн аброюна шек келтирген олуттуу көйгөйгө айланды. Буга чейин эбегейсиз зор каражаттар жумшалып, насыялар алынып, чет элдик өнөктөштөрдүн алдында ири өлчөмдөгү келишимдик милдеттенмелер кабыл алынган. Ырасында, аталган долбоор башында эле чоң катачылык менен башталган. Муну моюнга алыш керек. Ошол эле учурда коррупция жыттанган долбоор.

Казакстанда жылдык инфляция 2025-жылга чейин 4% ашпашы керек. Мамлекет башчысы өкмөткө жана Улуттук банкка инфляцияны көзөмөлдөө боюнча кечиктирилгис чаралардын комплексин иштеп чыгууну тапшырды. Ал импорттук көз карандылыкты кыскартууну, ашыкча ортомчулукту жана насыя саясатынын инструменттерин камтууга тийиш.

Которгон: Илгиз Жамалбеков