Казакстанда кореялык компаниялар атомдук электр станциясын куруу долбооруна катышууга чоң кызыгуучулук таанытууда. Бул тууралуу түштүк кореялык алдыңкы серепчилер тегерек столдо билдирди. Кореянын Казакстандагы мурдагы элчиси Пэк Чу Хен мындай биргелешкен масштабдуу долбоор эки тараптуу мамилелерге дем бере аларын белгиледи. Эске сала кетсек, корей инвесторлорунун катышуусу менен өлкөдө чоң Алматы айланма-жолу курулган. Ошондой эле, Евразиядагы татаал геосаясий кырдаалдан улам Казакстан Күн Чыгыш өлкөсүнө электромобилдерди чыгаруу үчүн сейрек кездешүүчү металлдарды жеткире алат дешет серепчилер. Белгилей кетсек, жолугушуу эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелеринин 30 жылдыгына арналды.
Пэк Чу Хен, Казакстандагы Кореянын мурдагы элчиси:
- Октябрдын башында Казакстанда дээрлик бир жума болуп, кореялык ишкерлер менен жолугуштум. Алар Борбор Азия рыногуна чыгууну караштырууда. Роман Скляр мырзанын жетекчилиги менен жумушчу топ түзүлгөнүн билебиз. Буга кошумча биз Казакстанда кореялык компаниялар үчүн кызматтардын толук топтомун камсыз кылуучу механизмди түзүүнү күтүп жатабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков