Пенсия курагындагы билим алуучулар саны артууда

Пенсия курагындагы билим алуучулар саны артууда

Казакстандык пенсионерлер үчүн да билим күнү башталды. Ата мекендик жогорку окуу жайлардагы “Күмүш университет” программасы быйыл жаңы студенттерди кабыл алды. Долбоор улгайган адамдарга психологиядан баштап Aй Ти тармагын үйрөнүүгө жардам берет. Программага кирген окуу жайлардын бири Евразия улуттук университети. Быйыл борбор калаадан 300дөн ашык пенсионерден арыз түшкөн. Өткөн окуу жылында пенсия курагындагы 150 жаран окуусун аяктаган.

Асем Илиясова, Евразия улуттук университетинин кошумча билим берүү жана квалификацияны жогорулатуу институтунун мүдүрү:

- Быйылкы жылы тил курстары студенттер арасында суроо-талапка ээ. Анын ичинде англис, түрк жана казак тилдери. Бул жерде айта кете турган бир нерсе, биз казак тилин жөнөкөй окутуу ыкмалары менен эмес, кызыктуу программалар менен толуктаганбыз. Күмүш университети билим алуучуларынын жаш курагын эске алып, университетибиздин профессордук-окутуучулар курамын ишке тарттык. Учурда алардын саны 40тан ашты. Арасында чет элдиктер, башкача айтканда чакырылган мугалимдер да бар.

Курстар катышуучулардын жаш курагына ылайык иштелип чыккан. Жалпы узактыгы болжол менен 4 айга жакын.

Асем Илиясова, Евразия улуттук университетинин кошумча билим берүү жана квалификацияны жогорулатуу институтунун мүдүрү:

- Биз графикке ылайык программалардын тизмесин сунуштайбыз жана өз каалоосу боюнча ден соолук сабактарына, тилге же компьютердик программаларга бара алышат. Убакытына жараша курстарды алышат. Албетте, окуунун аягында сертификат берилет. Бирок, “Күмүш университети” сыяктуу долбоорду масштабдуу кылуу жана пайдасын көрүү үчүн анын популярдуулугуна көбүрөөк басым жасоо керек.

«Күмүш университет» өкмөттүн өмүр бою билим берүү концепциясынын алкагында  ишке ашырылууда. Долбоордун алкагында билим алуу акысыз.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков