Чет
элдиктер үчүн өлкөнүн жогорку окуу жайларында окуу үчүн стипендиялык
программага тандоо жүрүп жатат. Ага Казакстандын жараны эмес этникалык казактар
да катыша алышат. Өлкөнүн Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин
маалыматы боюнча, быйыл 6 миңден ашуун адам акысыз билим алуу үчүн арыз берген.
Алардын 79%ы бакалавриатка тапшырышкан. Бирок, докторантура жана магистратура
программаларында атаандаштык күчтүү. Бир орун үчүн 24 жана 20дай талапкер ат
салышты. Учурда тандоонун акыркы этабы онлайн маектешүү жүрүп жатат. Тендердик
комиссия акыркы чечимди баш оона айынын аягында чыгарат. Эске сала кетсек, бул
программа өлкөдө 2023-2029-жылдарга карата жогорку билимди жана илимди
өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу багыттарынын бири болуп саналат. Анын
алкагында жыл сайын ата мекендик жогорку окуу жайлары чет элдиктерге окууга
уруксат беришет. Акыркы 4 жылда 900гө жакын адам бул мүмкүнчүлүктү колдон
чыгарган жок. Белгилей кетсек, быйыл стипендиялык программанын алкагында 550
грант каралган.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков