5 миллиондон ашык аманатчы компенсация алууга укуктуу

5 миллиондон ашык аманатчы компенсация алууга укуктуу

Казакстанда депозиттер боюнча 10% компенсация алуу үчүн 1,5 миллиондон ашык аманатчы кайрылган. Пайыздар аманат тутумундагы, мөөнөттүү жана мөөнөтсүз аманаттар, билим берүү жана турак жай курулуш аманаттары боюнча эсептелет. Бул тууралуу Казакстандын депозиттерди кепилдөө фонду билдирди. Учурда банктарга кайрылуу уланууда. Аманатчылар 2023-жылдын үчтүн айынын 1ине чейин сыйлык алууга макулдугун ырасташы керек. Муну онлайн режиминде да жасоого болот жана көпчүлүк каржы институттары бул параметрди эске алышкан. Жалпысынан 5 миллиондон ашык аманатчы компенсация алууга укуктуу. Аяк оона айына карата компенсациянын жалпы суммасы болжол менен 360 миллиард теңгени түздү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков