600 миллиард теңгеге жакын айыл чарба долбоорлору

600 миллиард теңгеге жакын айыл чарба долбоорлору

Бул тууралуу тармактык министрлик билдирди. Жыл аягына чейин жалпысынан 266 объектти пайдаланууга берүү пландалууда. Ошондой эле республиканын аймактарында жалпы баасы 3 миллиард 700 миллион теңгеге, жети эт комбинатын ачуу пландалып жатканы айтылды. Алардын жалпы кубаттуулугу жылына 1,7 миң тонна өнүмдү түзөт. Мындан тышкары, канаттуулар фабрикалары үчүн 77 миллиард теңгеден ашык суммага 10 долбоорду ишке киргизүү күтүлүүдө. Ошондой эле, быйылкы жылы аймактарда 51 сүт фермасын, 12 сүт заводун жана 38 айыл чарба өнүмүн кайра иштетүүчү цехтери ачылат деп пландалууда. Буга кошумча министрлик эки алма багы ишке киргизилип, картошка, жашылча жана дан сактоо боюнча тогуз долбоор жүзөгө ашырыларын кошумчалап өттү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков