Нур-Султан шаарынын акими Алтай Кульгинов тургундарды алдыдагы майрамдарды үй-бүлөлөрү менен өткөрүүгө жана коомдук жайларга барбоого чакырды. Борбордук коммуникациялар кызматында өткөн брифингде шаар башчысы эпидемияга жана санитардык стандарттарга кайдыгер карабаган тургундарга ыраазычылыгын билдирди.
АЛТАЙ КУЛЬГИНОВ, НУР-СУЛТАН ШААРЫНЫН АКИМИ:
- Алдыда көптөгөн майрамдар келе жатат. Андыктан эл көп чогула турган жерлерге барбай турууга кеңеш берет элем. Жаңы жыл үй-бүлөлүк майрам экендиги баарына белгилүү. Андыктан Жаңы жылды ооруканада тоскондон көрө, үйдө, үй-бүлөнүн курчоосунда өткөргөн жакшы. Бул күндөрү абдан этият болуңуздар.
Мындан тышкары, Алтай Кульгиновдун айтымында, майрам күндөрү Нур-Султан шаарында локдаун киргизүү мерчемделген жок.