Ал 9 түрдүү мамлекеттик жөлөк пулдарды жана социалдык төлөмдөрдү колдоо чараларын жигердүү дайындоого багытталган. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги маалымдады. Жаңы тутум мамлекеттик органдардын бардык маалымат базаларын камтыган “Smart Data Ukimet” аналитикалык системасы менен интеграцияланган, анда мамлекеттик органдардын бардык маалымат базалары топтолгон. Жарандардын кирешесинин деңгээли, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдүн болушу, үй-бүлө курамы, насыянын болушу жана башка ушул сыяктуу ар кандай маалыматтар да аталган тутумда камтылган. Колдо болгон маалыматтардын негизинде экономикалык, социалдык, турак-жай шарттары, ден соолук жана билим берүү жагынан үй-бүлөнүн бакубаттуулугунун деңгээлин баалоого жана көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берген талдоолор жүргүзүлөт. Зарыл учурда жөлөк пулдарды же социалдык төлөмдөрдү активдүү алууга мүмкүнчүлүк берет. Эскерте кетсек, үй-бүлөнүн санариптик картасы өткөн жылдын аяк оона айынын 1нен баштап пилоттук режимде ишке киргизилген. Бүгүнкү күндө тутумда Казакстандын 19 миллиондон ашык жараны же 6,3 миллион үй-бүлө тууралуу маалымат топтолгон.
Которгон: Илгиз Жамалбеков