К. Токаев: Казакстан БУУну бекемдөөнү колдойт

К. Токаев: Казакстан БУУну бекемдөөнү колдойт

Геосаясий кырдаал курчуп турган чакта Казакстан Бириккен Улуттар Уюмунун дараметин жана ролун жогорулатууну колдойт. Бул тууралуу мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаев Twitter баракчасына жазды. Президент мындан 30 жыл мурун өлкө Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө болуп, дүйнөлүк коопсуздукту камсыз кылуу жана цивилизациялуу коом куруу жаатында ийгиликтүү кызматташып келе жатканын белгилеп өттү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков