Казакстанда петиция тапшыруу үчүн расмий сайт ачылышы мүмкүн

Казакстанда петиция тапшыруу үчүн расмий сайт ачылышы мүмкүн

Казакстанда онлайн петиция тапшыруу үчүн интернет-портал ачуу пландалууда. Башкача айтканда, өлкөнүн жарандары жакында расмий сайт аркылуу бийликке жамааттык кайрылуу жөнөтө алышат. Мындай жаңычылдык коомдук көзөмөл жөнүндө мыйзам долбоорунда каралган. Аны иштетүүнүн тартиби документте көрсөтүлгөн. Петиция берилген 20 күндүн ичинде кеминде 150 адам кошулушу керек. Бул тажрыйба бүгүнкү күндө бир катар өлкөлөрдө кеңири колдонулат. Аны милдеттүү түрдө кароо үчүн добуштардын чеги белгиленет. Бул үчүн арыз жөнөтүлгөн райондук, облустук, республикалык деңгээлдеги өкүлдөргө жараша эки жарым миңден элүү миңге чейин жарандардын колдоосу талап кылынат. Петицияны кароого кызыкдар мамлекеттик органдын өкүлдөрү, парламенттин жана маслихаттын депутаттары, коомдук бирикмелердин өкүлдөрү катышат. Жаңы мыйзам долбоорун мажилис депутаттарына маалымат жана коомдук өнүктүрүү министри Дархан Кыдырали тааныштырды.

Дархан Кыдырали, Маалымат жана коомдук өнүктүрүү министри:

- Петицияны кароодо мамлекеттик орган кайрылуунун авторун чакырат жана билдирет, мамлекеттик органдын чечиминин долбоорун коомдук талкуулоону уюштурат, өзүнчө комиссия же жумушчу топ түзөт. Мындай чаралар петициялардын коомдук макамын жана маанисин жогорулатууга мүмкүндүк берет деп ойлойбуз. Ал боюнча чечимди мамлекеттик органдын биринчи башчысы гана кабыл алат

Документте петиция тапшырууга тыюу салынган темалар да каралган. Алардын тизмеси конституциялык мыйзамдын, кылмыш-жаза мыйзамдарынын, референдум жөнүндө мыйзамдын негизинде түзүлгөн. Анда өлкөнүн башкаруу формасын, административдик-аймактык түзүлүшүн жана чек арасын, сот адилеттигин, мунапыс, улуттук коопсуздукту өзгөртүү сыяктуу маселелер камтылган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков