Казакстан
Конституциянын 30 жылдыгын белгилөөгө даярданууда. Мааракеге карата республика
боюнча 30дан ашык ири иш-чара өткөрүлөт. Мисалы, Президенттин архивинде тегерек
стол уюштурулду. Депутаттар, судьялар жана окумуштуулар өлкөнүн Башкы
мыйзамынын ролун тарыхый материалдардын призмасы аркылуу талкуулашты. Алар
Конституцияда бекитилген баалуулуктар мамлекеттин туруктуулугунун жана туруктуу
өнүгүүсүнүн негизи болуп саналат деп баса белгилешти. Ошондой эле бул жерде
Конституцияны иштеп чыгуу боюнча долбоорлор, серепчилик корутундулар жана
жарандардын сунуштары көрсөтүлгөн тематикалык көргөзмө болуп өттү. Алардын
баары Башкы мыйзамдын кандайча түзүлгөндүгүнүн жана анын казак
мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышындагы ролунун чыныгы күбөлөрү.
Шолпан Тлепина, КР Президентинин архивинин
илимий жана колдонмо изилдөөлөр борборунун келечектүү изилдөөлөр секторунун
башчысы:
- Бул баарынан мурда
түп нускалар, каттардын түп нускалары, жарандардын кайрылууларынын түп
нускалары, жарандык коом институттарынан жана мамлекеттик бийлик жана башкаруу
органдарынан, жеке адамдардан жөнөтүлгөн каттардын түп нускалары. Алардын баары
уникалдуу, ар бири кайталангыс, Конституциянын долбоорун чет өлкөлөрдө
аккредиттелген дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө талкуулоонун натыйжасында алынган
сунуштар бар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

