Казак хандыгынын аскерий чыгармаларынын баатырларына «жан кирди». Видеонун автору - алматылык аниматор Глеб Пономарёв. Ал бул уникалдуу эмгекти казак сүрөтчүсү Талгат Тлеужановдун «Абилкайыр» аттуу картинасы негизинде жасаган. Бул чыгармага 3 күн убакытын жумшаган чебер каармандарды, тоолорду, асманды, жерди катмар-катмар кылып бөлүү кыйынга турганын айтат. Жумуш учурунда 100дөн ашык катмарды кол менен иштетүүгө туура келген. Глеб Пономарёв заманбап кино менен медиа жана социалдык тармактарда казакстандык искусствого көбүрөөк көңүл бурулса деген ниетин билдирди.
Глеб Пономарёв, аниматор:
- Азыркы жаштардын искусствого таптакыр кызыкпай калганы мени абдан кооптондурат. Биз социалдык тармактардан чыкпайбыз. Бир гана андагы оюн-зоок мазмуну кызыктуу. Мындан улам эски-жаңы дебей заманбап искусствонун тилинде сүйлөтүп, бир үндөштүк жасагым келди. Бул сүрөттү интернет желесинен кокусунан көрүп калдым. Мени адамдардын образы, алардын кулк-мүнөзү менен эмоциялары, жыл жаныбарынын согуш аянтындагы даярдыгы, берилгендиги абдан таң калтырды. Ошондуктан дароо аны жандандыруу ойго келди. Эгер менде түп нускасы болгондо натыйжа такыр башкача болмок.
Которгон: Илгиз Жамалбеков