Акмола облусунун экономикасынын бир катар тармагында оң натыйжалар бар. Бул тууралуу президент Касым-Жомарт Токаевге облустун акими билдирди. Марат Ахметжановдун айтымында, жыл башынан бери негизги капиталга 530 миллиард, анын ичинде жеке менчикке тартылган инвестициянын көлөмү 435 миллиард теңгени түздү. Ошондой эле, дыйкандарды колдоо жана кайра иштетүү өнүмдөрүнүн үлүшүн көбөйтүү боюнча иш-чаралар тынымсыз жүргүзүлүүдө. Жыл башынан бери жашылча жана өсүмдүк майларын, кайра иштетилген эт, сүт, сыр жана быштак өндүрүшү көбөйдү. Жылытуу мезгилинин жүрүшүнө өзгөчө көңүл бурулду. Облус акими билдиргендей, бардык коммуналдык ишканалардын иши туруктуу көзөмөлгө алынып, Степногорск жана Көкшетау шаарларында этап-этабы менен объекттерди модернизациялоо иштери жүргүзүлдү.
Марат
Ахметжанов, Акмола облусунун акими:
- Президентке
Косшы жана Кокшетау шаарларын өнүктүрүүнүн башкы планын иштеп чыгуу боюнча
маалымат бердим. Агломерациянын иштешине өзгөчө көңүл бурулду. Айыл чарба өнүмдөрүн
терең кайра иштетүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу, инвестиция тартуу, ошондой
эле, Акмола облусунун шаарларын үзгүлтүксүз жылуулук менен камсыздоо боюнча
конкреттүү тапшырмалар берилди.
Касым-Жомарт
Токаев Атырау, Караганды, Павлодар жана Маңгыстау облустарынын акимдери менен
жылуулук жана суу менен камсыздоонун абалын талкуулады. Мамлекет башчысы
авариялык абалдагы аймактарда жылуулук жана суу менен камсыздоо системаларын
тез арада калыбына келтирүүнү, ошондой эле, бардык калктуу пункттарда
инженердик тармактарды үзгүлтүксүз иштетүүнү талап кылды. Жылытуу мезгилине
даярдык көрүү боюнча кетирилген кемчиликтер тууралуу министрлер кабинетине
маалымат берилди. Өкмөт жетекчилиги өлкөнүн энергетикалык инфраструктурасынын начарлоосунан
улам болгон аварияларды кошпогондо, кырдаал көзөмөлдө экенине ишендирди. Кырсыктарды
болтурбоо боюнча чаралар көрүлүүдө. Президент жүктөлгөн милдеттерди чечүү үчүн
жеке жоопкерчиликти Өкмөткө жана облус акимдерине жүктөдү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков