Багбандар лимон терип жатышат

Багбандар лимон терип жатышат

Түркестандыктар кыш башталса да лимон терип жатышат. Экзотикалык өсүмдүктөр температура ар дайым плюс болгон күнөсканаларда гана өсөт. Облустун бир катар райондорунда дыйкандар тропикалык мөмө-жемиштерди отургузуу менен алектенишүүдө. Атүгүл алар өз өнүмдөрүн жергиликтүү базарларга да сатышат. Өз жеринде өстүрүлгөн жыпар жыттуу жана пайдасы мол лимондор, жергиликтүү тургундар арасында чоң суроо-талапка ээ.

Манатали Таңсыкбаев 10 жыл мурун биринчи жолу Өзбекстандан лимондун көчөттөрүн алып келип отургузган. Бирок мол түшүм алуу үчүн убакыт жана чыдамкайлык керек дейт ал.

Манатали Таңсыкбаев, ишкер:

Бир-эки жыл күтүш керек, лимон гүлдөйт. Үчүнчү жылы 15-20 килограммдан, 4-жылы 40, андан кийин 60 килограммдан түшүм берди. Жыл сайын көбүрөөк. Азыр менде 640 бак бар, 64 тонна лимон жыйнап жатам. Бул жакшы түшүм.

Азыр күнөсканада түшүм жыйноо өнөктүгү жүрүп жатат. Багбан лимон дарагы башка күнөскана жашылчаларындай сыяктуу жылуулукту талап кылбайт дейт. Кыштын күнү 2 градус жылуу болсо жетиштүү дешет. Күнөскана мол түшүм алуу үчүн атайын агрономдордун көзөмөлүндө.

Дилмурат Баймуратов, агроном:

Кантип эгүү керек, кантип иштөө керек. Кантип кесилет? Биз баарын көрсөтүп, айтып турабыз. Мен өзүм да Ташкенттеги күнөсканаларды карайм, бул биздин Казакстандагы жергиликтүү күнөскана, цитрус өсүмдүктөрү быйыл рекорддук түшүм берди. Өзбекстандагылар муну көрүп таң калууда. 1 дарак 200 кгга чейин түшүм берет. Биздин негизги максатыбыз – өлкөнүн күнөскана жайларын өнүктүрүү.

Багбан келечекте күнөскана өндүрүшүн кеңейтүүнү пландап жатат. Ал башка цитрус жемиштерин да өстүрүүнү колго алууга ниеттенүүдө. Бүгүнкү күндө Түркестан облусунда күнөскана чарбасы тез өнүгүп, быйыл анын көлөмү 1625 гектарга жетти.

Которгон: Илгиз Жамалбеков