Ал эми азыр - Казакстандагы эпидемиологиялык абал жөнүндө. Дарыгерлердин айтымында, КРВИ (курч респиратордук вирустук инфекция) менен өлкө боюнча ар бир онунчу чоң киши жана үчүнчү бала ооруйт. Жалпысынан тогуздун айынан бери бир миллиондон ашык адам вирустук инфекцияларга, сегиз жүздөн ашык сасык тумоого чалдыккан. Ошол эле учурда, азыр республикада жүздөгөн тумоо эмес вирустар айланууда. Акыркы бир айдын ичинде алар 341 үлгүдөн табылган. Бул, мисалы, риновирустар, аденовирустук инфекциялар жана парагрипп. Анын үстүнө, алардын белгилери бирдей: ысытма, чыйрыгуу жана кургак жөтөл. Алдын алуу үчүн дарыгерлер эмдөөнү, антисептиктерди колдонууну жана бөлмөнү үзгүлтүксүз желдетүүнү сунушташат.
Динагуль Баешева, «Астана медицина университети» АКнын кафедра башчысы:
Вирустардын 300дөн ашык түрү белгилүү, алар жогорку дем алуу жолдорун жабыркатат. Ошентип, клиникалык протоколго киргизиле турган далил базасы бар вируска каршы дарылар жок. Балдардын 80%ы жеңил формада ооруйт, ал эми оору жеңил формада болсо, алар жөн гана жетиштүү тамактануу, эффективдүү гидратация менен камсыз болушу керек. Суусундук менен камсыздасак балдар 4-5 күндүн ичинде айыгып кетишет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков