Караганды облусунда быйыл 50дөн ашык стартап мамлекеттик колдоо алды. Жергиликтүү акимчиликтин маалыматына таянсак, сунушталып жаткан долбоорлор бир нече актуалдуу көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган. Алардын арасында инновацияларды гана өнүктүрбөстөн, жаштардын жумуш менен камсыз болушуна да салым кошот. Мындай IT демилгелердин бирин Адил Хамит сунуштады. Жасалма интеллекттин негизинде түзүлгөн мобилдик тиркеменин аркасында чет тилдерин үйрөнүп, мектеп предметтери боюнча билимди тереңдетүүгө болот. Программаны түзүүчүлөрдүн айтымында, виртуалдык мейкиндикке атайын көз айнек тагынуу менен сүңгүп кирүүгө болот. Жаш илимпоздор өздөрүнүн демилгесин мындан ары да өнүктүрүүнү көздөп жатышат. Алар азыркы учурда Илим жана Жогорку билим берүү министрлигине атайын грантка арыз берген. Учурда алар Караганды техникалык университетинин базасында тиркемелерин тесттен өткөрүп жатышат.
Адил Хамит, программа автору:
- Азыр 13 багыт боюнча виртуалдык
билим берүү программасын киргиздик. Анын ичинде казак жана чет тилдери бар. Мындан
тышкары, физика жана химия сыяктуу ар кандай предметтер үчүн виртуалдык
лаборатория да каралган. Мунун бардыгы азыр республиканын 30 мектеп
программасына киргизилди.
Улан Омаров, Жаштар саясаты
маселелери башкармасынын бөлүм башчысы:
- Мындай долбоорлордун аркасында
жаңы жумуш орундары түзүлөт. Бизнес идеяларын ишке ашырууну каалаган жаш
ишкерлер жасап чыгарган же ойлоп тапкан демилгелерин башка да тармактарга өткөрүүнү
каалашы мүмкүн. Ошол эле учурда, мамлекеттин колдоосуна таянса да болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков