Казакстанда 2024-жылы эл аралык креативдүү индустрия борбору түзүлөт. Анын негизинде Астана, Алматы жана Шымкентте атайын хабдар ачылат. Бул тууралуу Маданият жана маалымат министри билдирди. Аида Балаева борбордук өнөр жайдын инфраструктурасын өнүктүрүүгө, таланттарды издөөгө жана колдоого, өнүмдөрдү экспорттоого жана коммерциялаштырууга колдоо көрсөтөт. Бүгүнкү күндө министрликте бул багытта адистештирилген департамент өз ишин баштады. Креативдүү индустрияны колдоо жана өнүктүрүү боюнча мыйзам долбоору иштелип чыкты. Документ келерки жылдын үчтүн айында парламентте каралат.
Аида Балаева, Маданият жана
маалымат министри:
- Анда интеллектуалдык
менчик жаатындагы мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилет. Мүмкүн болушунча креативдүү индустриялар жамаатын калыптандыруу үчүн маданият
объекттерине
кошумча аянтчаларды берүү, окутуу
жана
билим
берүү
программаларын
көбөйтүү,
креативдүү
индустриянын
өкүлдөрүнө салыктык
жеңилдиктерди
берүү
каралган.
Бул аталган тармактын өнүгүшүнө кубаттуу түрткү берет деп ойлойбуз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков