Курман айт майрамын тар чөйрөдө өткөрүү, массалык иш-чараларга катышпоо жана бардык байланыштарды азайтуу - ыйык майрамды өткөрүү боюнча мындай сунуштар Өлкөнүн мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан берилди. Хазрет Султан мечитинин наиб имамы Бакытжан Откелбаевдин айтымында, быйыл дагы мурдагыдай эле пандемия жаңы эрежелерди коюп жатат. Ошентип, экинчи жыл катары менен казакстандыктар курмандык чалуу жөрөлгөсүн онлайн режиминде аткара алышат. Бул үчүн жарандар kurban2021.kz сайтына билдирме калтыра алышат. Курмандыктардын эти муктаж болгондорго толугу менен таратылып берилет – бул ишти ыктыярчылар колго алышат. Дин кызматкерлери белгилегендей, Курман айт, албетте, өлкөдөгү динге ишенгендер үчүн чоң мааниге ээ, бирок мындай кырдаалда калктын коопсуздугу жана ден-соолугу биринчи орунга чыгат.
Бакытжан Откелбаев, Республиканын «Хазрет-Султан» мечитинин наиб-имамы:
- Курман айт маанилүү майрам, бирок биз мекендештерибизге пандемия учурунда саякаттабай, эл көп чогулган жерлерге барбай, үйдө отурууга жана байланышты чектөө керек деп эскерткибиз келет. Бул кечени жакын туугандарыңыз менен белгилөөгө кеңеш берем. Азыркы учурда социалдык тармактарда онлайн режиминде бардыгын куттуктоого болот. Ошондой эле Мусулмандар Дин Башкармалыгы Курман айт майрамын белгилөө боюнча имамдардын кеңештерин уга турган видео-роликтерди түзүп чыгышты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков