Казакстандын Башкы Прокуратурасы: үчтүн айындагы окуялардын уюштуруучулары так план менен иш алып барышкан

Казакстандын Башкы Прокуратурасы: үчтүн айындагы окуялардын уюштуруучулары так план менен иш алып барышкан

1500дөн ашык мамлекеттик жана коммерциялык имарат жабыркап, 765 автоунаа өрттөлүп, 3000дей курал-жарак уурдалган. Мажилистин жалпы жыйынында башкы прокурор Берик Асылов үчтүн айындагы окуялар боюнча тергөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, уюштуруучулар так план менен иш алып барышкан. Үчтүн айынын 4-5 күндөрү 11 аймакта массалык тартипсиздик орун алган. Кээ бир топтор дүкөндөрдү тоноп жатса, башка топтор акимчиликтин имараттарын, президенттин резиденциясын, милиция, Улуттук коопсуздук комитетинин жана башка стратегиялык объектилерди басып алышкан. Берик Асылов белгилегендей, баскынчылардын арасында экстремисттер, кылмыштуу топтор жана радикалдар болгон.

Берик Асылов, Казакстан Республикасынын Башкы прокурору:

- Тоноо жана өрттөө башталды. Бул паника куралдуу радикалдар тарабынан чыныгы чабуулдарды уюштуруу үчүн колдонулган. Бул экстремизмге, кылмыштуулукка, диний радикализмге алып келгенин көрүп жатабыз. Эгерде мамлекет тарабынан конкреттүү чечим болбосо, бул толкундардан кийин башка кесепеттер болмок. Акыркы этапта бийликти күч менен басып алууга бармак. Ушундан улам уюштуруучулар так план менен иш алып барышты десек болот.

Башкы прокурор жарандарга, ишканаларга жана мамлекетке миллиарддаган зыян келтирилгенин белгиледи. Түпкү максаты бийликти күч менен басып алуу болчу. Кошумчалай кетсек, Берик Асылов коопсуздук күчтөрү куралды акырына чейин колдонбогонун, желим ок, көздөн жаш агызуучу газ жана үн гранаталары сыяктуу курмандыкка алып келбеген куралдарды гана колдонгонун айтты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков