Казакстанда онлайн төлөмдөрдүн көлөмү артты

Казакстанда онлайн төлөмдөрдүн көлөмү артты

Казакстанда онлайн төлөмдөрдүн көлөмү кыйла өстү. Быйыл банкоматтардан 16 триллион теңге алынган. Бул жарандарга тиешелүү каражаттардын 18 пайызын гана түзөт. Салыштырсак, мындан 6 жыл мурун казакстандыктардын 90 пайызы төлөм карталарындагы акча каражаттарын накталай акчага которуп, андан кийин коротушкан. Кырдаал жыл сайын өзгөрүп келүүдө. Кененирээк кабарчынын видео материалында.

Статистика боюнча Казакстанда 70 миллионго жакын банк картасы катталган. Башкача айтканда, ар бир казакстандыкка 2-3төн туура келет. Быйыл 9 айда жалпы көлөмү 72 триллион теңгеге транзакция жасалды. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 44 пайызга көп. Төлөмдүн 80 пайызы интернет аркылуу жасалган.

Жибек Аралбай, Актөбе шаарынын тургуну:

Мага накталай акча менен төлөгөн ыңгайлуу. Бул менин чыгымдарымды көзөмөлдөп турууга мүмкүндүк берет. Акыркы жылдары керексиз нерселерге акча короткондон алыс болдум. Мен чыгашамды, кирешемди эсептеп турам. Анын жакшы жагын жакындарым дагы байкады.

Улуттук банктын отчетуна ылайык, өлкөдө накталай эмес операциялардын көлөмү пандемия жылдарында бир нече эсеге өскөн. Бул дүйнөлүк тажрыйба. Бирок кагаз акча жүгүртүүдөн кетпейт. Анын көмүскө экономика үчүн да маанисин жогото электигин финансисттер айтышат.

Рамазан Досов, Казакстан каржы биримдигинин серепчиси:

Албетте, кагаз акчаны колдонгондор бар. Алардын бардыгын жалаң пенсионерлер деп айта албайбыз. Анткени көмүскө сектор бар экенин билебиз. Салыктан качуу үчүн төлөмдүн ушул ыкмасын колдонуу алар үчүн ыңгайлуу. Мындай адамдар менен күрөшүү оңой эмес. Ага карабастан өлкөдө 9 айда банкоматтардан 16 триллион теңге чыгарылды. Бул чоң көрсөткүч.

Каржы адистеринин айтымында, быйыл өлкөдө накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшү 82 пайызга жеткен. Онлайн соода темпи төмөн түндүк аймактарда күч алса, алдыдагы жылдары көрсөткүч мындан да жогору болушу ыктымал.

Которгон: Илгиз Жамалбеков