Белгилүү эстониялык слэклайнер Яан Роосе Казакстандагы атактуу Бозжыра капчыгайында кош азуунун арасын бириктирген аркан менен биринчи жолу басып өткөн адам. Ал жерден эки жүз метр бийиктикте жарым километр аралыкты багындырды. Ал үчүн спортчу 5 күн убактысын короткон. Чет элдик экстремалдын негизги максаты Бозжыранын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн жаңы өңүттөн ачып бере турган өзгөчө видео ролик тартуу болгон. Кененирээк кийинки материалда.
Жер бетиндеги табияттын эң таң калыштуу көрүнүштөрүнүн бири – өлкөнүн батышындагы Мангыстау облусундагы Үстирттин «Бозжыра» капчыгайы. Бул сулуулугу менен көпчүлүктү таң калтырып, арбап алган мындай жерди көрүү үчүн жыл сайын дүйнөнүн төрт бурчунан миңдеген туристтер келишет. Бирок, алардын бири дагы Бозжыранын атактуу кош оозун багынта алган эмес.
Яан Роосе, слэклайнер, /Эстония:
Бозжыра мен үчүн чоң сыноо болду. Бул менин жашоомдогу эң татаал жана кооз долбоорлордун бири. Сүрөттөрдү көргөндө аябай таң калдым. Аны милдеттүү түрдө багындырам деген максат койдум. Ойлорумду техникалык жактан компетенттүү жана коопсуз жол менен уюштуруунун жолун пландаштырдык. Көп жылдар бою Бозжыранын оозуна адам буту басып барган эмес. Биз укмуштуудай жерге биринчилерден болуп чыктык. Бул жерди миллиондогон жылдар мурун деңиз суусу жууп кеткен. Биз бир мезгилде бийиктикте жана тарыхтын өлчөмү менен байыркы деңиздин түбүндө бир жүрдүк.
Ян Роосе - дүйнөнүн үч жолку чемпиону, дүйнөлүк деңгээлдеги көптөгөн рекорддордун ээси, өзгөчө локацияларды багынткан инсан. Мындай жеңиштерин толуктоого Мангыстау аймагынын сырдуу мүнөздүү табияты тоскоол боло жаздады. Кийинки этапты багындыруу үчүн Яан менен анын командасына чыдамкайлык жана күч-аракет жумшоого туура келди.
Яан Роосе, слэклайнер: /Эстония/
Сапардын башынан эле биз ойлогондой болбой турганын түшүндүк. Бул абдан оор сыноо болду. Биздин ар бир кыймылыбыз пландаштырылгандан көбүрөөк убакытты алды. Мен бир эле нерсени жасоо үчүн бир нече жолу аракет кылышым керек болду. Арканды тартуу оңой болгон жок. Түнкүсүн да токтобой асма жолду орноттук. Күндүз абдан ысык, кечинде катуу шамал болду. Эң негизгиси 500 метр аралыкты багындыруу кезинде бир да ташка зыяныбыз тийген жок. Баары бизге чейин абалында калды.
Бул топ экологиялык жактан коопсуз жабдууларды гана колдонгондорун айтат. Жолдордун бир тарабына таш толтурулган баштыктар төшөлгөн. Ал эми экинчи жагында аскага бекем илинген аркан болду. Тартуу тобу ошол аркан менен белдерин байлап, өздөрүнүн коопсуздугун сакташкан. Тартуунун өзү 50 градус ысыкта жана катуу шамалда болгон.
Талгат Аманбаев, «KAZAKH TORISM» УКнын башкарма төрагасы:
Роликти кулжа айында тартып, эми гана монтаждап жатканы башка кеп. Фильм тууралуу тасма тартуу иштеринин кандай өткөнү, кандай кызыктуу жана күтүлбөгөн жагдайлар орун алганы тартылган. Ал эми анын урааны «бир дагы ташка зыян тийген жок»! Жаратылышка делген урмат-сый бизге абдан жакты, менимче мекендештерибизге да жагат деп ойлойм. Бул биз үчүн жакшы үлгү.
Бозжыра капчыгайы - Мангыстау облусунун эс алуучулар эң көп барган жери. Ал эми аймактын өзү Казакстандын келечектүү туристтик аймактарынын 10гуна кирет. Акыркы 2 жылда бул аймакка жарым миллиондон ашык адам келип, кооз жаратылышына күбө болуп кайткан.
Которгон: Илгиз Жамалбеков