Кино борборунун серепчилери: кинотеатрлар чыгымга учуроодо

Кино борборунун серепчилери: кинотеатрлар чыгымга учуроодо

Карантиндик чектөөлөр кино тармагына кайрадан сокку урду. Борбор калаадагы кинотеатрлардын ээлери коңгуроо кагып жатышат, анткени алар ири жоготууларга дуушар болууда. Көрсөткүчтөр боюнча айта турган болсок, өткөн жылы залдардын толушу мурдагысынан 2 эседен ашык азайып кеткен. Кино тармагынын ишкерлери бардык санитардык нормаларды сакташкандыгына: тагыраагы, жумушчуларды эмдөөдөн өткөрүү, залдарды дезинфекциялоо, аралыкты сактоо, беткап режими, ал тургай «Ashyq» тутумун бардык жерде киргизгендигине карабастан, алардын иштөөсүнө толугу менен тыюу салынды.

Дмитрий Кириенко, кинотеатрдын соода боюнча мүдүрү:

- Албетте, бизнеске чоң зыян келтирип жатат. Бизде жалданма кызматкерлердин саны көп. Айрыкча жаштар арасында. Биз аларды ачык жана жабык кинотеатрларда жумуш менен камсыз кылышыбыз керек. Мунун бардыгы биздин насыя берүүчүлөр жана соода борборунун ээлери менен болгон мамилебизге түздөн-түз таасир этет. Учурда эң жагымсыз кырдаал - бул чечимдерди кабыл алуунун бир түрдүүлүгү эмес, колдонулган ыкманын субъективдүүлүгү, ар кайсы шаарларда алар ар кандай жолдор менен жасалат.

Дмитрий Кириенконун айтымында, бул Нур-Султан шаарындагы кинотеатрлардын тарыхында үчүнчү жолу жабылышы. Деген менен Алматыда алар дагы эле иштеп жатат. Анын айтмында, үзгүлтүксүз чектөөлөрдөн улам, бизнес калыбына келүүгө үлгүрбөй жатат. Мындан тышкары, кинопрокатчылар масштабдуу кинотасмаларды чакан көрүүчүлөрдөн улам көрсөтүүнү каалашпайт, мындайча айтканда, сезондуу мезгилдерге калтырышат. Кинотеатрларды колдоо борбору ишкерлерге азыр иштөөгө уруксат бербесе, эртеңки күнү алар биротоло жабылып калышы мүмкүн экендигин эскертишет.

Бауыржан Шукенов, кино колдоо борбору башчысынын орун басары:

- Эгерде өкмөт жыл аягына чейин кинотеатрларды колдоо боюнча чараларды көрбөсө, 2025-жылга чейин жок дегенде 2018-19-жылдардагы деңгээлге жете албайт. Албетте, жардам менен колдоо керек. Ар бир кино индустриясынын негизи – кинотеатр болуп саналат. Мында бардык кинопрокаттын негизги монетизациясы жүрөт. Аны көз карандысыз өндүрүш компаниялары, анын ичинде мамлекет да жүзөгө ашырат.

Буга катар, билеттердин сатылышы дагы эле төмөн. Белгилей кетсек, биринчи жарым жылдыкта кинотеатрлар пандемияга чейинки эки жыл ичинде иштеп тапкан акчаларын чогулта алышкан эмес. Кошумчалай кетсек, буга чейин Казакстанда жаңы тасмаларды жаратууга болжол менен 10 миллиард теңге бөлүнгөн, бул акталбай калышы мүмкүн.

Бауыржан Шукенов, кино колдоо борбору башчысынын орун басары:

- Бул тасмалар эмитен прокатка чыга баштайт жана бул тасмаларды кайдан көрсөтөрүбүздү дагы деле түшүнө албай жатабыз. Кинотеатрларда абал өтө оор. Биринчи жарым жылдыкта залдардын толуу деңгээли 15 пайызга жеткен жок, бирок план боюнча 25 пайыз толушу керек. Өзүңө ойлонуп көргүлө.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Казакстанда жабыла элек 100гө жетпеген кинотеатр бар. Алар бийликтен колдоо сурап жатышат. Эң көп борбор калаанын ишкерлери жапа чегишти. Айта кетчү жагдай, Нур-Султан шаарынын башкы санитардык дарыгери бул маселеге кескин жооп берет. азырынча кино залдарын ачуу жөнүндө сөз болушу да мүмкүн эмес.

Которгон: Илгиз Жамалбеков