Казакстандык куткаруучулар Түркиядагы токой өрттөрүн өчүрүүгө катышууда

Казакстандык куткаруучулар Түркиядагы токой өрттөрүн өчүрүүгө катышууда

Казакстандын эки тик учагы Түркиянын түштүк-батышындагы токой өрттөрүн өчүрүүгө катышып жатат. Кесипкөй даярдалган экипаж аба кемеси менен 10 сааттан ашык убакыт бою суу чачты. Эске сала кетсек, мамлекет башчысынын тапшырмасы менен Түркияга атайын жабдылган эки тик учак жана 16 куткаруучу жөнөтүлгөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тобу аймакта өрт өчүрүлгөнгө чейин ишин улантат.

Сет Жылкайдаров, КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин майору

- Үстүбүздөгү жылдын баш оона айынын 12де Казакстан Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт өчүрүү кызматы Түркиянын Даламан провинциясында өрт өчүрүү иштерин баштады. «Казавиа» АКнын тик учактары менен сууну чачуунун 45 цикли башталды. Бул 180 тонна дегенди билдирет. Өрттү өчүрүү иштери уланууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков