Казакстан айыл чарба азыктарын экспорттоону күчөтүүдө. Жыл башынан бери дан менен камсыздоо жана ташуу рыногу көбөйдү. Айрыкча арпаны Иран кайрадан сатып ала баштады. 10 ай ичинде өлкөгө 710 миң тонна экспорттолду. Бул мурунку көрсөткүчтөрдөн 69%га көп. Жүгөрү менен камсыздоонун көлөмү да дароо бир жарым эсеге көбөйдү. Ирандан тышкары Тажикстан жана Өзбекстан Республикасынан 117 миң тонна түшүм импорттошту. Ата мекендик өнүмгө чет өлкөлөрдө да суроо-талап жогору. Бүгүнкү күндө анын экспорту 7 эсеге көбөйүп, 80 миң тоннага жетти. Ошол эле учурда, анын көпчүлүк бөлүгү Европа мамлекеттерине туура келет.
Мындан тышкары Казакстан Кытайга май өнүмдөрүн экспорттоо боюнча рекордду жаңылап, 250 миллион АКШ валютасындагы көрсөткүчкө жетүүгө ниеттенүүдө. Казакстандын май заводдору Шанхайда өткөн Кытай Эл аралык импорттук көргөзмөсүндө 56 млн долларлык келишимге кол коюшту.
Которгон: Илгиз Жамалбеков