Президент – Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн Жогорку башкы колбашчысы Касым-Жомарт Токаев «Айбын» XI Эл аралык аскердик-патриоттук жаштар жыйынынын ачылышына катышты. Актөбе облусунда өткөн иш-чарага Казакстан, Азербайжан, Беларусь, Кыргызстан, Орусия жана Өзбекстандан келген 800гө жакын жаштар катышты. Мамлекет башчысы жыйындын ачылышы менен катышуучуларды куттуктап, бул биздин жаштардын духун бекемдей турган абдан маанилүү окуя экенин айтты. Жыйын Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына жана казак баатыры Алия Молдагулованын 100 жылдыгына арналды.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Эр жүрөк снайпер кыздын эрдиги элибиздин, дос мамлекеттерибиздин тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калды. Жаш казак кызы согушка аттанып, дароо эле кандуу фронттун ортосунда түштү. Ал айыгышкан салгылашууларда теңдешсиз эрдиктин, Мекен алдындагы милдетине берилгендиктин үлгүсүн көрсөттү.
Аскерде болуу ардактуу милдет. Муну айтып жатып, мамлекет башчы өлкөбүз өсүп келе жаткан муундарды аскердик-патриоттук тарбиялоого өзгөчө маани берип жатканын баса белгиледи. Күчтүү Армия эгемендүүлүктүн тиреги жана тез өнүгүүнүн кепилдиги болот. Демек, аскердин келечеги жаштардын колунда. Дал ушул жалындуу жана майтарылбас муун адилеттүү жана коопсуз Казакстанды курат.Жолугушууда президент Жогорку башкы колбашчы катары өлкөнүн билимдүү, чынчыл, өнүккөн жаштарына ишенерин айтты.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Жакынкы күндөрү сиздердин канчалык күчтүү жана шамдагай экениңиздер сыналат. Аскердик кызмат кандай экенин сезип, заманбап армиянын алдыңкы технологиялары менен таанышасыздар. Талыкпаган эмгек, катуу тартип жана жоопкерчилик гана жеңишке алып келерин чыныгы жоокер билет. Тактикалык оюндар учурунда кайраттуулук жана чечкиндүүлүк керек болот. Бул команда менен чогуу иштешүүнү жана бири-бирине жардам берүүнү талап кылат.
Бир апталык жыйында балдар жана өспүрүмдөр «Айбын дарыны» интеллектуалдык оюнуна, «Smart Sarbaz» технологиялык сынагына жана «Айбын жылдызы» чыгармачылык сынагына катышат. Алар пневматикалык мылтыктан атуу, автоматты чачып, кайра жыйноо боюнча жарышат. Программада спорттук мелдештер жана «Күчүбүз бирдикте» аскердик-тактикалык оюну бар. Расмий иш-чарадан кийин президент FPV дрондорунун операторлору үчүн инновациялык окуу комплексин жана учкучтарды окутуу үчүн заманбап тренажерлор, «Smart sarbaz» жаш робототехника клубунун иши менен таанышты.
Которгон: Назира Бегалиева

