Борбор Азиядагы эң ири жана уникалдуу туристтик комплекс болгон «Кербен-сарайга» 500 миң туристтин келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу Казак ТВ каналына берген эксклюзивдүү маегинде аталган комплекстин башкы менеджери Ахмет Келес билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө комплекске казакстандык туристтер гана эмес, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн да кызыгуучулук жогору.
Белгилей кетсек, 2020-жылдын башында курулушу башталган имарат 14 айдан кийин, рекорддук убакыттын ичинде салынып бүттү. Жалпысынан курулуш ишине 2200гө жакын жумушчу тартылган.
Ахмет Келес, «Karavansaray Turkestan» комплексинин башкы менеджери:
- Биз пандемия учурунда, жалпысынан оор мезгилде ачылдык. Бирок ага карабастан, комплекске болгон кызыгуу абдан жогору. Жалпысынан, адамдардын реакциясы жакшы. Бизге борбор шаардан, Алматыдан жана Шымкенттен келген коноктор көп. Аны менен катар, алыскы жакынкы чет өлкөлөрдөн, Өзбекстан жана Кыргызстандан дагы туристтер келишүүдө. Биз жылдын аягына чейин болжол менен 300-500 миң турист келет деп күтүп жатабыз. Келечекте саякатчылардын санын жана чек араны кеңейтүүнү мерчемдөөдөбүз. Пандемиядан кийин кырдаал жакшырып, чет мамлекеттерден келе турган коноктордун саны көбөйөт деген үмүт бар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков