Казакстанда аккумулятордук электровоздор чыгарылат. Wabtec - дүйнөлүк транспорт жана логистика тармагындагы алдыңкы компания. Ал өлкөдө жашыл энергетика тармагында заманбап темир жол транспортун курууга
даяр. Учурда долбоор иштелип жатат. 2026-жылы АКШда биринчи жолу экологиялык
жактан таза унаа өндүрүлөт. Жакында аны Казакстанга жайгаштыруу пландалууда. Борбордогу «Локомотив»
кураштыруу заводунда электр чоюн-жол объектилерин жыйноо технологиясын ишке
киргизүү көздөлүп жатат.
Нурлыбек Ахметов, «Локомотив» кураштыруу заводунун өкүлү/ Wabtec компаниясы:
- Wabtec азыр долбоордун дизайнын аяктоо алдында турат. Андан кийин өндүрүштү баштайбыз. Алгачкы аккумулятордук
электровозду 2026-жылы АКШда чыгарабыз деп ойлойм. Кийин өндүрүштү локомотив заводубузга көчүрөбүз. Ошондо бул экологиялык таза жана заманбап өнүм Казакстанда да чыгарылат.
Казакстанда Америкалык компания инженердик борбор ачууга ниеттенүүдө
Мындан тышкары, америкалык компания Астанадагы заводдун өндүрүштүк кубаттуулугун кеңейтти. Быйыл ишканада 90 локомотив чыгарылды. Бул былтыркыдан эки эсе көп. Жакында Нью-Йоркто Президент Касым-Жомарт Токаев менен жолугушууда Wabtec компаниясынын башкы мудүрү Рафаэль Сантана өзүнүн планы менен бөлүшкөн. Ага ылайык, Казакстандын транспорт-логистикалык тармагына 1 миллиард доллар инвестиция салуу мерчемделген.
Нурлыбек Ахметов, «Локомотив» кураштыруу заводунун өкүлү/ Wabtec компаниясы:
- Бул инвестициялардын арасында көптөгөн уникалдуу долбоорлор бар. Алардын бири Казакстанда инженердик борбор ачуу. Ал локомотивдерди техникалык жактан тейлөө жана монтаждоо боюнча алдыңкы борбор болот. Биз Казакстан менен көптөн бери өнөктөшпүз. Компания Казакстанда инвестиция үчүн эң ыңгайлуу шарттарды жакшы билет. Бул Казакстандын дараметин жогорулатып, жалпы региондогу абалды жакшыртаарына ишенебиз. Ошондуктан биздин компания бизнес-пландардын борбору катары
Казакстанды тандап жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков