Астанадагы «Нурлы жол» вокзалында Казакстандын Жеңишке кошкон салымы тууралуу фотокөргөзмө ачылды. Экспозицияны Президенттин телерадиокомпаниясынын колдоосу менен Kazinform эл аралык маалымат агенттиги уюштурган. Иш-чарага «Казакстан темир жолу» колдоо көрсөттү. Жеңиштин 80 жылдыгына карата согуш жылдарында фотожурналисттер тарткан архивдик 80 сүрөт коюлду. Алар өмүр менен өлүмдүн ортосунда жүрүп, окуяны сүрөткө тартышты. Ар бир кадр согуш талаасындагы жоокерлердин баатырдыгын жана эрдигин чагылдырат. Ошондой эле, тылдын эмгекчилеринин, дарыгерлердин жана илимпоздордун чоң эмгектери коюлду. Алардын эрдиктери элдин эркинин жана күжүрмөн духунун символуна айланды. Көргөзмө теке айынын аягына чейин иштейт. Видеонун нускасы өлкөнүн аэропортторунун жана вокзалдарынын LED-экрандарынан көрсөтүлөт.
Нагашыбек Алдан, «Kazinform» эл аралык маалымат агенттиги
башкаруучу мүдүрүнүн орун басары:
- Көп архивдерде иштедик. Анын ичинде өзүнчө фонддор да
болду. Мамлекеттик музейлер, китепканалар. Казакстан менен Орусиянын
архивдеринде да иштедик. Миңдеген сүрөттөр колго топтолду. Тандалып, жыйналды.
Алардын ичинен бул көргөзмө үчүн атайын 80 картина койдук. 80 жылдыкка 80 сүрөт.
Владимир Курятов, «Kazinform» эл аралык маалымат
агенттиги башкаруучу мүдүрүнүн орун басары:
- Сүрөт көргөзмөсүндө 4 блок бар. Алгачкы блок Биринчи дүйнөлүк согушка арналган. Панфиловчу баатырларга өзүнчө блок түзүлдү Тылда эмгектенген аялдар жана темир жолдор үчүн өзүнчө блоктор бар.
Которгон: Илгиз Жамлабеков

