Астанада
«Элдик Конституция үчүн» Жалпы улуттук коалициясынын жыйынтыктоочу отуруму өттү.
Анда бүткүл өлкө боюнча жүргүзүлгөн масштабдуу түшүндүрүү иштеринин жыйынтыгы
чыгарылды. Мажилистин төрагасы жана Жалпы улуттук коалициянын жетекчиси Ерлан
Кошанов белгилегендей, бирикменин мүчөлөрү дээрлик бардык шаарларды жана
айылдарды кыдырып, он миңдеген иш-чараларды өткөрүп, миллиондогон
казакстандыктарды камтыды. Жолугушуулар ар кандай кесиптин өкүлдөрү менен өттү.
Шахтёрлор жана металлургтар, студенттер жана окумуштуулар, дарыгерлер жана
мугалимдер, маданият ишмерлери, ишкерлер жана жаштар менен. Коалициянын
мүчөлөрү жаңы Конституциянын долбооруна коомчулуктун колдоосу жогору экенин
баса белгилешти. Казакстандыктар активдүү суроолорду берип, ой-пикирлери менен
бөлүшүштү. Эң башкысы, алар жаңыланган Баш мыйзамдын жоболорун жана
баалуулуктарын оң баалашты.
Ерлан
Кошанов, Парламенттин Мажилисинин төрагасы:
– Бүгүн биз өлкөнүн идеологиялык багыттарынын терең жана мазмундуу трансформациясын байкап жатабыз. Чындыгында, улуттун келечегинин жаңы багыты белгиленди жана биринчи кезекте муну жаштар колдойт, өзгөрүүлөргө тайманбастык менен даяр. Алар үчүн реформалар жөн гана саясий күн тартиби эмес, өздөрүнүн жашоо тарыхынын бир бөлүгү. Жаштардын үмүттөрү жана пландары өлкөнүн өнүгүү стратегиясында колдоо таап жатканын көрүп турушат. Көз караштардын дал келишинде мамлекет башчысы менен жаштардын ортосунда биргелешкен күч жаралууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

