Байыркы Бозок шаарчасы ачык асман алдындагы музейге айланат

Байыркы Бозок шаарчасы ачык асман алдындагы музейге айланат

Астанада ачык асман алдындагы жаңы музей курулат. Борбор калаага жакын жерде жайгашкан байыркы Бозок шаарынын аймагына Убакыт капсуласы курулган. Тарыхый комплексте Казакстандын ыйык жерлеринин тизмесине кирген улуттук парк, өнөр жай кварталдары, музей жана байыркы шаардын мавзолейи калыбына келтирилет.

Байыркы түрк шаарчасы Бозок биринчи жолу чейрек кылым мурда археолог Кемал Акишев тарабынан ачылган. Тарыхый жаңылык Астана бир топ эрте курулганын көрсөтүп турат. Жүргүзүлгөн казуулардын аркасында окумуштуулар талаа цивилизациясына тиешелүү бай экспонаттар менен канааттанышат.

Марал Хабдулина, Л.Н. Гумилев атындагы айылдык археологиялык экспедициянын башчысы:

Анын маданий катмарларында биз бир кезде Казакстандын борбордук бөлүгүндө болгон 4 мамлекеттик түзүлүштүн калдыктарын таптык. Атап айтканда, байыркы Түрк каганатына, экинчиси Кыпчак каганатына, үчүнчүсү моңгол доорундагы Жучу уруусуна таандык тарыхый эстеликтер. Төртүнчү маданий катмар Казак хандыгына таандык. Ошол убактагы маалыматтар боюнча байыркы курулуштар табылган.

Улуттук парктын аймагы 400 гектардан ашат. Анын ичинде көл да бар. Комплекстин курулушу бир нече этап менен ишке ашырылат. Биринчиден, ал толугу менен тосулуп, орто кылымдык стилде эки кире бериш дарбазасы болот. Келерки жылы паркта туристтер борбору курулуп, Бозок шаарчасы жаңыланат.

Еркин Абил, Мамлекет тарыхы институтунун мүдүрү:

Эртең бул комплекс, улуттук парк эң оболу элибизди улуу талаа цивилизациясынын алты миң жылдык тарыхы менен тааныштырат. Экинчиден, Астанага келген конокторго тааныштырылат. Казак коому бул улуу талаа цивилизациясынын түздөн-түз мураскери экенин көрсөтүү үчүн эртең Ботай маданиятынан азыркы казак коомуна болгон байланышты көрсөткөн чоң музей комплекси пайда болот.

Оңдоо иштерине 7 миллиард теңге каражат бөлүнгөн. Окумуштуулардын айтымында, Бозок шаарындагы бир катар эстеликтер ушул күнгө чейин сакталып турат. Археологдор комплексти кылдат изилдеп, жер кыртышында катылган сырларды ачышат.

Которгон; Илгиз Жамалбеков