Казакстандык «Дала каскыры» тасмасы атамекендик прокатка чыгат. Астанада буга чейин дүйнө жүзү боюнча кызуу пикирлерди жараткан картинанын бет ачары өттү. Эскерте кетсек, тасма Бельгиянын борборунда өткөн кинофорумдун баш байгесин жеңип, ошондой эле Канадада өткөн таймашта калыстар тобунун жогорку баасына татыган. Анда сүрөттө башкы ролдорду аткарган Берик Айтжанов менен Анна Старченко мыкты актёрлор деп табылган. Белгилей кетсек, буга чейин режиссёр Адилхан Ержановдун тасмасы Франциянын сынчылар ассоциациясынын байгесин жеңип алган. Кореялык кино өнөрүн сүйүүчүлөр да картинага катышпай калышкан жок.
Эске салсак, «Дала каскыры» баш аламандыкка чулганган чакан шаарда бала издеп жүргөн аял менен башаламандыкты баяндайт. Серепчилердин айтымында, атамекендик режиссёрлордун ишин өзгөчө ыкластуулук менен айырмалап турат. Бул казакстандык картинаны эл аралык сахнада таанытууга мүмкүндүк берет.
Алия Меңдигожина, продюсер:
– Европалык кинематограф Казакстан тууралуу көптөн бери билет. Казакстандык кино Европа жана дүйнөлүк фестивалдарда эчактан бери, бул акыркы жылдар эмес. Ошол эле Адилхан Ержанов 10 жылдан ашуун убакыттан бери эл аралык кинофестивалдарга катышып келет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков