6,6 млрд доллар. Бул
2025-жылдын биринчи кварталында Казакстанга келген түз чет өлкө
инвестицияларынын жалпы көлөмү. Бул өткөн жылдын ушул эле мезгилине
салыштырмалуу 6%га көп. Улуттук экономика министрлиги белгилегендей, өлкөдө
инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча чаралар күчөтүлүүдө. Мисалы,
экономиканын артыкчылыктуу тармактарындагы 54 миллион доллардан ашык
долбоорлорго инвестиция салгандарга мыйзамдардын туруктуулугуна 25 жылга чейин
кепилдик берген келишим түзүү мүмкүнчүлүгү берилген. Ошондой эле Fast Track же «жашыл
коридор» системасы иштейт. Ал долбоорду ишке киргизүү үчүн бардык керектүү
процедуралардан тез жана жөнөкөйлөштүрүлгөн түрдө өтүүгө мүмкүндүк берет. Болгону
5 күндүн ичинде. Белгилей кетсек, мамлекет башчысы Кайрылууда жаңы
инвестициялык циклди баштоонун зарылдыгын айткан.
Арман Касенов,
Улуттук экономика министринин вице-министри:
- Жаңы инвестициялык
циклдин алкагында технологияларды өткөрүп берүүгө, жергиликтүү кадрларды
окутууга жана казакстандык товарлардын жаңы тышкы рынокторго чыгуусуна жол ача
ала турган негизги инвесторлорду издөө жана тартууга артыкчылык берилет. Жаңы
инвестициялык циклдин негизги инвесторлору Өкмөт тарабынан аныкталган
келечектүү нишалардагы компаниялар болот. Атап айтканда, бул унаа жасоо, мунай-газ-химия,
кайра жанма энергия булактары, заманбап агро өнөржай комлпекси, жогорку кайра
бөлүштүрүлгөн металлургия, аларда жогорку глобалдык наркка ээ экспорттук
өндүрүштөрдү түзүүгө болот.
Которгон: Илгиз Жамалебков

